Насыя төлөө Акчаны алуу

ЭМНЕ ҮЧҮН ЛЕГАЛДУУ ЭМЕС КРЕДИТОРДОН НАСЫЯ АЛБОО КЕРЕК?

13.08.2021 ЭМНЕ ҮЧҮН ЛЕГАЛДУУ ЭМЕС КРЕДИТОРДОН НАСЫЯ АЛБОО КЕРЕК? Мындай ойлоп карасаңыз кандай айырмачылыгы бар – микрокаржылоо уюмунан же расмий эмес иштеген уюмдан карыз алуу – ошол эле пайызды төлөө. Бирок, жок: легалдуу эмес кредитордон насыя алуу менен сиз өтө чоң тобокелчиликке туш болосуз. Эмнеге экенин карап көрөлү. ⤵

Легалдуу эмес кредитор үчүн сизди аңга түртүп, карызга батыруу пайдалуу.
Мыйзам боюнча, микрокаржылоо уюмдары насыялар боюнча пайыздарды, айып пулдарды жана туумдарды дайыма эле үстүнө кошуп эсептей алышпайт.

Жадакалса сиз төлөмдөрдү кечиктирсеңиз да, сиздин легалдуу МФУдагы карызыңыз насыянын өлчөмүнөн 1,5 эседен ашпашы керек. Карыздын өлчөмү бул чекке жеткенде, МФУ пайыздарды, айып пулдарды жана туумдарды үстүнө кошуп эсептегенди токтотууга милдеттүү. Шылуундар болсо мында өздөрүн чектешпейт - карыздын он эсеге көбөйөгөнү чанда учурлардан эмес.

Мындайча айтканда сизден карызды доолап алышы мүмкүн.

Мыйзам кара кредиторлорго керек болсо сот аркылуу карыздарды кайтарууну талап кылуусуна тыюу салат. Бирок, ошого карабастан, алар карызды легалдуу эмес коллекционерлерге өткөрүп беришет же өздөрү коркутушуп, психологиялык басым жасашып, ал тургай физикалык күч да колдонушат.

Сиздин жеке маалыматтарыңыз коркунучта болот.

Легалдуу эместер насыя алууга кайрылганыңыздагы сиз берген паспорттун, банк эсебинин же картанын маалыматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышпайт. Мисалы, алар сиздин атыңызга башка кредиттерди жол-жоболоштура алышат.

Ошондуктан, МФУ менен келишим түзүүдөн мурун, сиз легалдуу жана ишенимдүү компания менен иш жүргүзүп жатканыңызга ишенимдүү болушуңуз керек.

Андыктан микрокаржылык уюмдардын мамлекеттик реестринде анын бар-жогун текшериңиз. Реестр Орусия Банкынын сайтында жайгаштырылган, ал финансылык рынокту жөнгө салуучу болуп саналат ➡ www.cbr.ru/registries/microfinance/#a_14199.

 #байбол_финсабаттуулук
Булак: https://fincult.info

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Нооруз майрамыңыздар менен!
21.03.2024
Нооруз майрамыңыздар менен!
Көбүрөөк
Сиздерди ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайбыз!
11.03.2024
Сиздерди ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайбыз!
Көбүрөөк
Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары мамлекеттик кызматтарга эмне үчүн муктаж?
09.03.2024
Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары мамлекеттик кызматтарга эмне үчүн муктаж?
Көбүрөөк
Биздин сүйүктүү жана сүйкүмдүү айымдар
07.03.2024
Биздин сүйүктүү жана сүйкүмдүү айымдар
Көбүрөөк
/