Россияда калууну чечсеңиз, эмне кылуу керек?

26.10.2021 Россияда калууну чечсеңиз, эмне кылуу керек?

Сиз Россияга келдиңиз жана бул жакта бир айдан ашык калууну көздөп жатасыз. Мындай учурда, сиздин катталышыңыз керек болот. Тагыраак айтканда келген жериңиз боюнча миграциялык каттоого туруу, ал сиздин белгилүү бир даректе убактылуу жашап жаткаңызды тастыктайт.

Эгерде сиз мейманкана, хостел же тааныштарыңыздын үйүндө калсаңыз, анда кабыл алуучу тарап бул боюнча ИИМдин райондук бөлүмүнө билдириши керек.

ИИМде сизди миграциялык каттоого тургузуп, сиздин колуңузга миграциялык каттоого тургандыгыңыз тууралуу билдирүү бланкасынын айрылуучу бөлүгүн берет, ал сиздин биринчи катталууңуз болуп саналат. Анын негизинде сиз келген күндөн тарта 90 күн Россияда калууга мүмкүндүк аласыз.

Эгерде сиз Россияга акча табуу максатында келген болсоңуз жана сиздин миграциялык картаңыздын “Кирүүнүн максаты” деген графасында “Жумуш” деп көрсөтүлүп турса, ошол убакыттын ичинде сиз жумуш үчүн патентти жол-жоболоштуруп алсаңыз болот (айта кетсек, каттоонун болушу -патентти алуунун керектүү шарты болуп саналат) же болбосо дароо жумушчу келишимин түзүү керек болот, мисалы сиз ЕАЭБге кирген мамлекеттин, Кыргызстандын жараны болгон болсоңуз.

Андан кийин сиз жашаган жериңиз боюнча гана эмес, иштеген жериңиз (сиздин каалооңуз) боюнча да миграциялык каттоого тура аласыз.

Эгерде сиз жашаган жериңиз боюнча катталган болсоңуз, жашаган жериңизди ар бир алмаштырган сайын кайрадан миграциялык каттоого турушуңуз керек болот.

Жумуш менен дагы ошондой: эгерде сиз иштеген жериңиз боюнча катталган болсоңуз, сиз жумушуңузду алмаштырган сайын кайрадан каттоону алмаштырып турушуңуз керек. Бул милдеттүү.

Анткени эгерде сиз бир жерде катталып, бирок иш жүзүндө башка жерде жашасаңыз/башка жерде иштесеңиз, бул миграциялык мыйзамды бузуу болуп саналат. Ал эми мыйзамды бузуу үчүн административдик айып пул салынышы же РФнын аймагынан административдик түрдө чыгарылышыңыз мүмкүн.

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Эмне үчүн Россия Федерациясында патентти узартуудан баш тартышы мүмкүн?
05.09.2024
Эмне үчүн Россия Федерациясында патентти узартуудан баш тартышы мүмкүн?
Көбүрөөк
Батирди ижарага алуу үчүн займдар
04.09.2024
Батирди ижарага алуу үчүн займдар
Көбүрөөк
Мигранттын жашыл картасы же дактилоскопиялык карта
29.08.2024
Мигранттын жашыл картасы же дактилоскопиялык карта
Көбүрөөк
Сиз башка аймакта толук эмес убакытка экинчи жумушту тапсаӊыз, анда эмне кылуу керек?
13.08.2024
Сиз башка аймакта толук эмес убакытка экинчи жумушту тапсаӊыз, анда эмне кылуу керек?
Көбүрөөк
/