Санкт-Петербургда туристтер үчүн курорттук салык киргизилди.

08.04.2024 Санкт-Петербургда туристтер үчүн курорттук салык киргизилди.

2024-жылдын 1-апрелинен тартып Санкт-Петербургда туристтер үчүн курорттук салык киргизилди. Ал күнүнө 100 рублду түзөт жана мейманкана, хостел, эс алуу үйү жана башка ушу сыяктуу убактылуу жашаганга арналган жерлерде токтогондордон алынат.

Салык Санкт-Петербургга иштеш үчүн келген чет элдик жарандарга да таасирин тийгизет, анткени алардын сапарынын өзгөчө деле максаты жок. Ал эми Санкт-Петербургда эмгек келишими боюнча туруктуу иштегендер же шаардын ичинде жашаган жери (Санкт-Петербургда туруктуу каттоосу) барлар төлөмдөн бошотулат. Демек, Санкт-Петербургга жумушка орношуу максатында келгендер туристтик салыкты туруктуу каттоого турмайынча жана туруктуу жумушу жок болмоюнча, төлөп турушу керек болот.

Андан тышкары, Санкт-Петербургга бир суткага жетпеген убакытка келгендер, 18 жашка чейинки балдар жана 20га жакын категориядагы адамдар, анын ичинде студенттер, көп балалуу үй-бүлөлөр, шаарга мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуу үчүн келген спортчулар, курорттук салыктан бошотулат.

Курорттук салык катталгандан кийин төлөнөт. Туристке төлөмдү тастыктаган документ берилет. Эгерде сиз белгиленген мөөнөттөн эрте кетүүнү чечсеңиз, калган акчаңыз кайтарылып берилет.

Маалымат булагы: ИЗВЕСТИЯ
Достор,
Жаз жана жай - Санкт-Петербургга баруунун эң сонун мезгили. Бул жерге көптөн бери келүүнү каалап жатсаңыз, сапарыңызды кийинкиге калтырбаңыз!

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Депортация кууп чыгуудан эмнеси менен айырмаланат?
02.06.2026
Депортация кууп чыгуудан эмнеси менен айырмаланат?
Көбүрөөк
Курман айт майрамыңыздар менен!
27.05.2026
Курман айт майрамыңыздар менен!
Көбүрөөк
РФдан депортация кандай себептерден улам болушу мүмкүн?
23.05.2026
РФдан депортация кандай себептерден улам болушу мүмкүн?
Көбүрөөк
Эгерде РВП менен чет өлкөлүк жаран паспортун алмаштырса, эмне кылуу керек?
13.05.2026
Эгерде РВП менен чет өлкөлүк жаран паспортун алмаштырса, эмне кылуу керек?
Көбүрөөк
/