Патентти узартуу

05.02.2021 Патентти узартуу

Россиянын көптөгөн региондорунда быйыл патенттин баасы өстү жана патентке төлөмдү үнөмдөөнүн азгырыгы ар дайым жогору болуп келген, бирок патентти узартуу керек.

Патенттин баасы быйыл Россиянын көптөгөн региондорунда көтөрүлгөнүнө жана патентке төлөмдү үнөмдөөнүн азгырыгы ар дайым жогору болгонуна карабастан патентти узартуу КЕРЕК. Жадакалса зарыл! Эмне үчүн?

Келиңиздер, эгерде патентти узартпай койсо эмнелер болоруна кыскача токтолуп өтөлү?

Биринчиден, сиз жумушсуз каласыз.

Россиянын мыйзамдарына ылайык жумуш берүүчү Россияга визасыз тартипте жүргөн, чет өлкөлүк кызматкерди жумуштан кетирүүгө МИЛДЕТТҮҮ, эгерде анын патенти узартылган эмес болсо.

Жумушта төлөнбөгөн патент менен калтыруу болсо, мыйзамды бузуу болуп саналат. Өзгөчө учур - ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары (аларга патент талап кылынбайт).

Экинчиден, сиз башка жумуш таппайсыз.

Россияда төлөнбөгөн патент менен жумушка орношо албайсыз, анткени мыйзамда патенти жок сизди жумушка алууга тыюу салынат.

Үчүнчүдөн, каттоону узартууда сизде көйгөйлөр жаралат. Төлөнгөн патент – Россияда каттоону узартууга негиздеме болот.

Ансыз каттоону узартышпайт, ал эми каттоосуз сизди депортация кылуу, ал тургай жакынкы 3 жылга Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салуу коркунучу бар.

Азыр абал оңой эмес, бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу кезектеги жеңилдиктерди күтүп, патентке төлөбөй жүрө берсеңиз, анда сиз жумушсуз эле калбастан, Россияда жүрүү укугуңуздан да ажырап калышыңыз мүмкүн.

Сиз Россиядан кетишиңизге ишенимдүүсүзбү?

***

Патентке төлөгөнгө акча жок болсо, керектүү байланыштар:

8 (800) 550-57-57

baibol.ru

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Жаны машина карап журосунбу?
29.11.2023
Жаны машина карап журосунбу?
Көбүрөөк
Сиз айлыгы сонун кызыктуу жумуш издеп жатасызбы?
21.09.2023
Сиз айлыгы сонун кызыктуу жумуш издеп жатасызбы?
Көбүрөөк
РФ Өкмөтү мекендештерди көчүрүү программасына оңдоолорду киргизди
19.09.2023
РФ Өкмөтү мекендештерди көчүрүү программасына оңдоолорду киргизди
Көбүрөөк
Өзбекстандан Орусияга жумушка кабыл алуу 12 эсеге өстү
14.09.2023
Өзбекстандан Орусияга жумушка кабыл алуу 12 эсеге өстү
Көбүрөөк
/