ПАТЕНТТИ УЗАРТУУ ЖАНА КАЙРА ТАРИЗДЕТҮҮ

01.03.2021 ПАТЕНТТИ УЗАРТУУ ЖАНА КАЙРА ТАРИЗДЕТҮҮ

Патент 1 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө берилет. Ага бир жылга дароо төлөп койсо болот – бул Россияда бир жылдык каттоону алуу үчүн негиздеме болот – же ай сайын төлөп, “узартуу” керек.⠀

Патент үчүн кийинки төлөм – аны узартуу болуп саналат. Бирок берилген күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин, патентти баары бир кайра тариздетүү керек болот.⠀

Россиядан чегинен ары чыкпастан, чет элдик жаран патенттин жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин 10 күн калганда патентти кайра тариздетүү үчүн кайрыла алат, бирок муну бир аз эртерээк жасаган жакшы.⠀

Кайра тариздетүү үчүн төмөнкүдөй документтерди берүү керек: 

1. Жарактуу патенттин бардык айлары үчүн салыктын төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанциялар,

2. Жумуш берүүчү менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү,

3. Патентти кайра тариздештирүүнү суранган жумуш берүүчүнүн өтүнүч арызы,

4. Биринчи жолу патентти тариздеген кезде сиздин берген документтериңиз:

Паспорт (жана анын орус тилине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу) “Келүүнүн максаты” тилкесинде “Жумуш” деп белгиленген миграциялык карта.
Миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө билдирүү бланкынын ажыратылып берилүүчү бөлүгү.
Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полиси.
Орус тилин билгендигин тастыктаган документ.
Баңгиликке, ВИЧке жана коркунучтуу жугуштуу ооруларга чалдыкпагандыгын тастыктаган документтер.⠀

Эреже боюнча ушул тизмедеги акыркы 3 документ патент кайра берилген жерде түзүлүшү мүмкүн.

Эгерде патентти узартууда же аны кайра тариздетүүдө акча жактан кыйыналсаңыз, Байбол тез зайым (карыз) алууга дайыма жардам берет.

8 (800) 550-57-57
baibol.ru

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

УРФУ Кыргызстанда кирүү тестирлөөсүн жүргүзөт
05.07.2023
УРФУ Кыргызстанда кирүү тестирлөөсүн жүргүзөт
Көбүрөөк
Москвадагы «Царицыно» музеи экскурсияларды өзбек тилинде жүргүзө баштады
04.07.2023
Москвадагы «Царицыно» музеи экскурсияларды өзбек тилинде жүргүзө баштады
Көбүрөөк
Россия кыргызстандыктар үчүн 1000 бюджеттик орун бөлүп берүүнү пландап жатат
04.07.2023
Россия кыргызстандыктар үчүн 1000 бюджеттик орун бөлүп берүүнү пландап жатат
Көбүрөөк
Курман айт майрамыңыздар менен, урматтуу достор, кардарлар жана өнөктөштөр!
28.06.2023
Курман айт майрамыңыздар менен, урматтуу достор, кардарлар жана өнөктөштөр!
Көбүрөөк
/
LiveInternet counter