МАМКЫЗМАТТАР ПОРТАЛЫ ЧЕТ ӨЛКӨ ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ДА ЖЕТКИЛИКТҮҮ

10.02.2022 МАМКЫЗМАТТАР ПОРТАЛЫ ЧЕТ ӨЛКӨ ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН ДА ЖЕТКИЛИКТҮҮ

www.gosuslugi.ru МАМКЫЗМАТТАР порталы жалаң гана россиялыктарга гана эмес, Россияда жашаган чет өлкө жарандары үчүн да жеткиликтүү.

 

Бүгүн биз чет өлкө жарандары ал жерге кантип катталып, РФнын мамлекеттик кызматтарына алыстан жетүүнүн артыкчылыктарын кантип колдоно тургандыгы жөнүндө сөз кылмакчыбыз.⠀

Порталда жеткиликтүү мамкызматтар тизмеси калктуу конуш жайларына жараша болоорун эскерте кетели. Андыктан катталууда, алгач сиз жашаган шаарды көрсөтүшүңүз керек.

Андан ары 3 жөнөкөй баскыч бар:⠀

1-баскыч. Жөнөкөйлөтүлгөн учеттук жазууну каттоо. Ал үчүн мобилдик телефон жана электрондук почта керектелет.⠀

2-баскыч. Колдонуучу профилин толтуруп, маалыматты текшерүү процедурасын аткарыш керек. Сизге чет өлкө жаранынын документи жана ЖӨЭКН (СНИЛС) керектелет. Маалыматтардын ийгиликтүү текшерилиши учеттук жазууну стандарттык абалга которот.

3-баскыч. Өздүгүн тастыктоо, анын натыйжасында колдонуучунун учеттук жазуусу тастыкталган болуп чыгат.

Ошондой эле колдонуучу тейлөө борборлорунун биринде катталса да болот – бул учурда тастыкталган учеттук жазуу дароо түзүлгөн болот. Тейлөө борборлорунун даректерин бул жерден көрүүгө болот: map.gosuslugi.ru. Издөө жүргүзүүдө ыңгайлуу болуш үчүн фильтрлерди (“Регистрация учетной записи” (“Учеттук жазууну каттоо”) фильтринин тушуна чымчыкча белгисин коюу керек) жана “Список” (“Тизме”) опциясын колдонуңуз.

 

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

УРФУ Кыргызстанда кирүү тестирлөөсүн жүргүзөт
05.07.2023
УРФУ Кыргызстанда кирүү тестирлөөсүн жүргүзөт
Көбүрөөк
Москвадагы «Царицыно» музеи экскурсияларды өзбек тилинде жүргүзө баштады
04.07.2023
Москвадагы «Царицыно» музеи экскурсияларды өзбек тилинде жүргүзө баштады
Көбүрөөк
Россия кыргызстандыктар үчүн 1000 бюджеттик орун бөлүп берүүнү пландап жатат
04.07.2023
Россия кыргызстандыктар үчүн 1000 бюджеттик орун бөлүп берүүнү пландап жатат
Көбүрөөк
Курман айт майрамыңыздар менен, урматтуу достор, кардарлар жана өнөктөштөр!
28.06.2023
Курман айт майрамыңыздар менен, урматтуу достор, кардарлар жана өнөктөштөр!
Көбүрөөк
/
LiveInternet counter