Насыя төлөө Акчаны алуу

COVID-19 БОЮНЧА ЭСКЕРТМЕ

25.01.2022 COVID-19 БОЮНЧА ЭСКЕРТМЕ

Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жеңил түрдөгү COVID-19 илдети менен ооруп жаткандарга эскертме жарыялады.

 
6 айдан кем мурун эмдөөдөн өткөндөр жана эмдөөдөн өтпөгөндөр үчүн сунуштар, мында айырмаланышат.

 
Эгерде адам акыркы жарым жылда эмдөөдөн өткөн же ооруган болсо, бирок анын COVID-19га берген тести оң чыкса, бирок оорунун белгилери болбосо, анда өзүн-өзү обочолонтушу керек.


Эгерде билгилери болсо, бирок бейтап тобокел тобуна кирбесе, мүмкүн болушунча үй-бүлө мүчөлөрүнөн обочолонушу керек же жок дегенде батирдин ичинде беткап тагынып жүрүшү кажет. Дене табы күнүнө 3 жолу жана кандагы кислороддун өлчөмү 2 жолу өлчөнөт Сатурациянын орточо мааниси – 95%дан төмөн эмес. Симптоматикалык дарылоо.

 
Тобокел тобуна кирген адамдарга дарыгер тарабынан дарылар жазылып берилет. Эгерде абал начарлап бара жатса (дем кыстыгуу пайда болсо, дене табы 38ден жогоруласа) тез жардам чакырыш керек.

 
60 жаштан жогору болгондор тобокел тобуна кирет.

Кимде кошо жүрүүчү өнөкөт оорусу бар болсо (кант диабети, жүрөк, кан-тамыр же онкоголиялык оорулар, өнөкөт бөйрөк жана боор оорулары, иммунодефициттик абал)

Кимде ашыкча салмак болсо
Эмдөөдөн өтпөгөндөргө курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциянын кандай гана белгилери пайда болбосун, COVID-19га берген тести оң натыйжабы же терспи ага көз карандысыз 122 номерине дарыгерге чалып, аралыктан кеңеш алып, өзүн-өзү обочолонтууну карманышы керек. Абал начарлап кеткенде – тез жардам чакырыңыз.

Этибарга алыш керек болгон, курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциянын белгилери: жөтөл, мурундун бүтүшү, тамакт оору же кычышышы, бирден көп жолу дене табынын 37,5 градустан жогору көтөрүлүшү.
Булак: РФ Саламаттыкты сактоо министрлигинин эскерткичи.

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Эгерде сизде патент бар болсо, бирок паспортуңузду алмаштырган болсоңуз, эмне кылуу керек?
16.04.2024
Эгерде сизде патент бар болсо, бирок паспортуңузду алмаштырган болсоңуз, эмне кылуу керек?
Көбүрөөк
Чет өлкөлүк жаран Орусиядагы КФБда кандай кызматтарды ала алат?
16.04.2024
Чет өлкөлүк жаран Орусиядагы КФБда кандай кызматтарды ала алат?
Көбүрөөк
Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жараны иштеши үчүн эмне керек?
09.04.2024
Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жараны иштеши үчүн эмне керек?
Көбүрөөк
Санкт-Петербургда туристтер үчүн курорттук салык киргизилди.
08.04.2024
Санкт-Петербургда туристтер үчүн курорттук салык киргизилди.
Көбүрөөк
/