Өзбекстандан Орусияга жумушка кабыл алуу 12 эсеге өстү

14.09.2023 Өзбекстандан Орусияга жумушка кабыл алуу 12 эсеге өстү

Жыл башынан бери 20 миңден ашуун өзбекстандыктар уюштурулган кабыл алуунун аркасында Россияда жумуш табышты.

Өзбекстандын жарандарын РФнын аймагында убактылуу жумушка тартуу жана уюштурулган кабыл алуу боюнча келишимге 2017-жылы эле кол коюлган. Бирок, Россия Федерациясында иштөө укугуна уруксат берүүчү документтерди тариздөөнүн бир катар жол-жоболору Өзбекстанга которулган пилоттук программа 2021-жылдын октябрында гана башталган. Бул жол - жоболорго болочок мигранттарды медициналык күбөлөндүрүү, ошондой эле Россияга кирүүгө тыюу салынгандыгын текшерүү кирет.

Негизинен Өзбекстандагы уюштурулган кабыл алуу аркылуу курулуш, айыл чарба жана өнөр жай тармагында иштеген орусиялык ири ишканалар жумушчуларды табышат.

Белгилей кетсек, азырынча Россияда иштөөнү каалаган өзбекстандыктардын аз гана бөлүгү уюштурулган кабыл алуу аркылуу келишет. Өзбекстандын Жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин маалыматтарына караганда 2 млндан ашык өзбекстандыктар чет өлкөдө эмгектенип жүрүшөт, алардын 60% (болжол менен 1 млн 200 миң адам) РФда эмгектенишет.

Булак: Sputnik Өзбекстан

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Байбол сиздерди 8-март майрамыңыздар менен куттуктайт!
08.03.2026
Байбол сиздерди 8-март майрамыңыздар менен куттуктайт!
Көбүрөөк
Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайбыз!
23.02.2026
Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайбыз!
Көбүрөөк
Ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайбыз!
18.02.2026
Ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайбыз!
Көбүрөөк
Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!
31.12.2025
Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!
Көбүрөөк
/