НАСЫЯ БОЮНЧА ТӨЛӨМДҮ КАНТИП КОМИССИЯСЫЗ ТӨЛӨӨ МҮМКҮН?
Насыя боюнча төлөмдү кантип комиссиясыз төлөө мүмкүн?
Үч жолу бар:
- Telegram-бот @MKKBaibol_bot колдонуңуз
- Байбол офистерине келип, кассадан төлөңүз
- «Элекснет» терминалын колдонуңуз
Бардык үч вариантта тең комиссия нөлгө барабар, ал эми акча ошол замат түшөт.
Төлөөгө убактысы болбогондор үчүн төлөөнүн №4 жолу бар. Насыя келишимиңизди банк картасына бир жолу байланыштырып коюңуз, насыя боюнча төлөмдөр автоматтык түрдө жана комиссиясыз график боюнча алынып турат.
Башка эч нерсе кылуунун кереги жок – болгону картада жетиштүү сумманын бар экенин көзөмөлдөп коюу керек.
Ошондой эле насыяны комиссия менен төлөө жолдору да бар:
- oplata.baibol.ru сайты (комиссиясы – сумманын 1,9%ы)
- 1.elecsnet.ru сайты (комиссиясы – төлөм суммасынын 1%ы)
- СБЕРБАНКтын бөлүмдөрүндө, банкоматтарында жана терминалында, банктын сайтында жана уюлдук тиркемеси аркылуу (банктын тарифине ылайык комиссия алынат)
- «Золотая Корона» төлөө кызматтары аркылуу (комиссиясы – сумманын 0,99%ы, бирок 50 рублдан кем эмес)
Өзүңүз үчүн эң ыңгайлуу төлөө жолун тандап алыңыз, дайыма #байбол менен бирге болуңуз!