Насыя төлөө Акчаны алуу

2022-ЖЫЛЫ УЖУга КВОТАНЫ КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

18.02.2022 2022-ЖЫЛЫ УЖУга КВОТАНЫ КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

УЖУ – Россияда убактылуу жашоого уруксат.

Жыл сайын РФнын Өкмөтү бүтүндөй өлкө үчүн УЖУга белгилүү квоталардын санын белгилейт. 2022-жылы бул сан 18 955ти түзүп, аймактар боюнча так бөлүнгөн. 

УЖУга квоталарды бөлүп берүүгө арыз берүүнүн процедурасы кыйла жөнөкөй. Москва мисалында карап көрөлү, бирок Россиянын башка аймактарында да процесс дээрлик айырмаланбайт.

Эгер сиз квотага арыз берейин десеңиз

 

  1. Сиз Москва шаарынын Көп функцияналдуу Миграциялык Борборунун https://mc.mos.ru/ru/worker/mmc/residence-permit сайтынан УЖУну берүүгө квотаны бөлүп берүү үчүн арыз бланкын жүктөйсүз

  2. Бул бланкты бир бетүү кылып басып чыгарасыз, документтериңиз менен салыштырып, кунт коюп толтуруп чыгасыз

  3. Москва аары боюнча Россиянын ИИМ ББ ММБга (дареги: Москва ш., 64-чакырым Варшавское шоссеси, Вороновское кыштагы, 1-үй-жай, 47-курулуш, Москва шаарынын Миграциялык борборунун аймагында) айдын биринчи күндөрүндө (арыз ар айдын 1нен 5-күнүнө чейин кабыл алынат) келип, № 3 кире беришине кирип, документтерди тапшырасыз. Арыздан тышкары жаныңызда паспортуңуз жана анын көчүрмөсү, миграциялык картаңыз, миграциялык каттоого коюлгандыгы жөнүндө билдирүүңүз (Москвада убактылуу жашаган жери боюнча каттоосу) жана 3,5 х 4,5 см өлчөмүндөгү түстүү сүрөтүңүз болушу керек. Документтерди тапшыргандан кийин сизге алар кароого алынгандыгы жөнүндө маалымкат беришет.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: УЖУга квота бөлүп берүүсү үчүн арызды сиз жеке өзүңүз гана бере аласыз! Белгилүү бир акча суммасына жана кепилденген натыйжасы менен сиздин ордуңузга жасап беребиз деп убада берген ортомчу фирмаларга кайрылуу пайдасыз. Акчаңызды бекер коротосуз. Эч ким сиздин ордуңузга арыз бере албайт жана УЖУга квотаны берүү боюнча комиссиянын чечимине эч ким таасир эте албайт.

Бардык алынган арыздарды комиссия карайт. Россия аймагында көптөн бери жашап, мыйзамдуу иштеп, коомдук пайдалуу жумуштун ээси болуп, мындан тышкары россиялык жарандыгы бар бир туугандары бар адамдар артыкчылыкка ээ болушат.

Арызыңыздын макул тапканын ошол эле айдын 25-числосунда ошол эле арыз берген жерден билүүгө болот. Стендде тизмелер илинип коюлат.

Тизмеде атыңыз жок болсо, капаланбаңыз. Бүткүл 2022-жылга бүтүндөй Россия үчүн 18 955 квота – бул анча көп эмес, арыз берүүчүлөрдүн көбү баш тартууга туш болоору айкын.

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Эгерде сизде патент бар болсо, бирок паспортуңузду алмаштырган болсоңуз, эмне кылуу керек?
16.04.2024
Эгерде сизде патент бар болсо, бирок паспортуңузду алмаштырган болсоңуз, эмне кылуу керек?
Көбүрөөк
Чет өлкөлүк жаран Орусиядагы КФБда кандай кызматтарды ала алат?
16.04.2024
Чет өлкөлүк жаран Орусиядагы КФБда кандай кызматтарды ала алат?
Көбүрөөк
Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жараны иштеши үчүн эмне керек?
09.04.2024
Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жараны иштеши үчүн эмне керек?
Көбүрөөк
Санкт-Петербургда туристтер үчүн курорттук салык киргизилди.
08.04.2024
Санкт-Петербургда туристтер үчүн курорттук салык киргизилди.
Көбүрөөк
/