РОССИЯДАН КЫРГЫЗСТАНГА АКЧАНЫ КАНТИП КОТОРСО БОЛОТ?

11.03.2022 РОССИЯДАН КЫРГЫЗСТАНГА АКЧАНЫ КАНТИП КОТОРСО БОЛОТ?

11-марттан тартып Visa жана Mastercard карталарынын жардамы менен Россиядан Кыргызстанга жана тескерисинче акча которуу мүмкүн болбой калгандыктан, “Мир” россиялык төлөм тутуму менен кыргызстандык “Элкарт” 2 жылдан бери эң сонун кызматташып келгендигин эсиңизге салабыз.

Бул “Мир” россиялык картасы колуңузда болуп сиз Кыргызстандагы туугандарыңыздын “Элкарт” карталарына дайым акча которо аласыз дегенди билдирет. Ошондой эле, “Элкарттан” “Мир” карталарына тескери акча которуулар жеткиликтүү. ⠀

“Элкарты” Кыргызстандын аймагындагы 15 коммерциялык банктар чыгарат, ал эми “Мир” картасын 158 россиялык банк чыгарат.

Акчаны онлайн которуу үчүн өз банкыңыздын мобилдик тиркемесин колдонсоңуз болот. Мисалга, Сбер “Мир” карталарынан “Элкарт” картасына тиркеме аркылуу акча которуу мүмкүнчүлүгүн жайында эле ишке ашырган.


Ошондой эле Кыргызстандын 20 банкы “Мир” карталарын тейлеп, алардан накталай акча чыгарууга же КРнын аймагындагы сатып алуулар үчүн накталай эмес төлөм жасоого жол берээрин эсиңизге салабыз.


Мындан тышкары, акча которуулардын эл аралык тутумдарынын операторлорунун жардамы аркылуу банктан эсеп ачпастан эле Россия менен Кыргызстан ортосунда акча которууга болот. Мындай 6 оператор Россия аймагындагыдай эле КРда да иш алып барышат. Бул БЭСТ, “Юнистрим”, “Вестерн Юнион”, “Золотая корона”, CONTACT жана Sendy. ⠀

Булагы: Sputnik Кыргызстан

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!
31.12.2025
Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!
Көбүрөөк
1-жылдын 2026-январынан тартып мигранттар үчүн патенттердин баасы жогорулайт
25.11.2025
1-жылдын 2026-январынан тартып мигранттар үчүн патенттердин баасы жогорулайт
Көбүрөөк
MAX КМШ жеткиликтүү болуп калды!
12.11.2025
MAX КМШ жеткиликтүү болуп калды!
Көбүрөөк
Жашыл картаны албасаңыз эмне болот?
25.09.2025
Жашыл картаны албасаңыз эмне болот?
Көбүрөөк
/