Абайлаңыз! Интернет-алдамчылар!

22.10.2021 Абайлаңыз! Интернет-алдамчылар!

Бул тууралуу эстеп жүрүү керек! Интернет-алдамчыларынын сизден акча алуу үчүн колдонгон жалган фразалары төмөнкүлөр:

1. «Байгени алып кетүү үчүн, басыңыз…» Туш-тушка таратуулардын, сайттардын-түгөйлөштөрүнүн жана дагы кулактандыруулардын онлайн-такталарындагы QR-коддордун жардамы менен алдамчылар сизди шилтеме аркылуу кирип, зыян алып келүүчү программаны ачууга же өздүк идентификациялык маалыматтарды берүүгө көндүрөт. Кызыктырып өзүнө тарткан нерсе катары алар “утушту” алып кетүү сунушун колдонушат.

2. «Акчаны кайтарып бериңиз» Бул схемада сизге анча чоң эмес сумманы которушат, андан соң жаңылыштык менен которуу болгонун айтып, аны ошол акчаны ала турган үчүнчү кишиге которууну суранышат. Транзакция бекитме төлөм болуп сналат, сиздин картаңызды интернет сервиске байланыштырып коет. Анын жардамы менен киберкылмышкерлер кошумча тастыктоосуз эсептен акчаларды чыгара алышат.

3. «Арзандатуулар!» Алдамчылар интернет-дүкөндөрдүн, авиабилеттерди же иш-чараларга билеттерди сатуу боюнча компаниялардын сайттарын көчүрмөсүн жасашат. Мындай булактарда баалар чындыгында абдан төмөн болот. Чындыгында мындай “дүкөндөн” “өтө ыңгайлуу баа” менен соода кылууда, сиз жөн гана акчаңызды жоготосуз дагы, анын ордуна эч нерсе албайсыз.

4. «Саламатсызбы. Банктан сиздин тынчыңызды алып жатышат» Алдамчылар чалып, сиздин эсептен санкцияланбаган которууга аракет болду деп билдиришет. Жагымсыз операциянын алдын алуу үчүн алар карта тууралуу маалыматтарды айтууну (номерин, CVC, СМСдеги кодду) же болбосо эсептеги бардык каражаттарды резервдик эсепке которууну талап кылышат. Тузакка түшүрүүнүн башка жолу: ниети бузук адамдар акча жана башка маалыматтарды уурдоо үчүн смартфонго алыстан колдонуу үчүн тиркемени көчүрүүгө ынандырышат.

Сак болуңуз!

Булак: РБК

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Нооруз майрамыңыздар менен!
21.03.2024
Нооруз майрамыңыздар менен!
Көбүрөөк
Сиздерди ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайбыз!
11.03.2024
Сиздерди ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайбыз!
Көбүрөөк
Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары мамлекеттик кызматтарга эмне үчүн муктаж?
09.03.2024
Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары мамлекеттик кызматтарга эмне үчүн муктаж?
Көбүрөөк
Биздин сүйүктүү жана сүйкүмдүү айымдар
07.03.2024
Биздин сүйүктүү жана сүйкүмдүү айымдар
Көбүрөөк
/