Досум биргелешип зайым алуучу болууну суранып жатат. Макул болушум керекпи?

11.08.2023 Досум биргелешип зайым алуучу болууну суранып жатат. Макул болушум керекпи?

Досум биргелешип зайым алуучу болууну суранып жатат. Макул болушум керекпи?

Банктын көз карашы боюнча, биргелешип зайым алуучу ошол эле зайым алуучу. Насыя же зайым боюнча биргелешип зайым алуучунун жоопкерчилиги – ошол насыяны алган адамдыкындай эле болот. Башкача айтканда, эгерде сиз досуңуздун биргелешип зайым алуучусу болууга макул болсоңуз, ал эми ал карызды төлөбөсө, анда бул милдет автоматтык түрдө сизге өтөт.

Биргелешип зайым алуучу насыя боюнча кепилдик берүүчү менен бирдей эмес. Мында бардыгы олуттуураак.

1. Сиз зайым алуучу менен бирге насыя аласыз, ага жөн гана кепилдик бербейсиз. Бул карыз жана анын канчалык так төлөнүшү сиздин насыя тарыхыңызда көрсөтүлөт.

2. Банк сизди зайым алуучудай эле текшерет жана сиздин кирешеңиз насыянын суммасына таасир этет. Алар канчалык жогору болсо, ошончолук көп сумма ала аласыз.

3. Эгерде зайым алуучу төлөй албай калса, анын карызы автоматтык түрдө сизге өтөт. Бул үчүн соттун чечими керек эмес.

Ошондуктан, эгерде бул насыя же зайым экөөңүзгө тең керек болгон учурда гана биргелешип зайым алуучу болсоңуз болот. Мисалы, сиз досуңуз менен жалпы бир иш үчүн акча алганыңызда.

Бирок бул учурда да, өз ара милдеттенмелер боюнча келишимде ар бириңиздердин жоопкерчилигиңиздерди юридикалык жактан өзүн коргоо жана бекитүү жакшы болот. Мында сиз төлөмдөрдү теңме-тең же кайсы бир үлүштөргө бөлүп алганыңыздар жазылышы мүмкүн.

Эгерде зайым алуучунун кийинки төлөмгө акчасы болбой калса, сиз кандай болгон күндө да карызды төлөшүңүз керек болуп калат. Бирок, кийин милдеттенмелер боюнча келишимдин негизинде сиз сот аркылуу зайым алуучудан анын ордуна төлөп жүргөн акча каражаттарынын бир бөлүгүнүн ордун толтуруп беришин талап кыла аласыз.

Зайымдар жана каржы тууралуу көбүрөөк пайдалуу маалыматтарды https://fincult.info/ порталынан тапса болот.

Ал эми https://baibol.ru/ Байболдон ар кандай максаттарга, анын ичинде 2 же 3 адамдан турган топто биргелешип насыя ала аласыз. Биз 7 жылдан бери Россиядагы мигранттарга насыя берип келе жатабыз

Чалыңыздар: 8 (800) 550-57-57.

Кененирээк кеңеш беребиз.


Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Эмне үчүн Россия Федерациясында патентти узартуудан баш тартышы мүмкүн?
05.09.2024
Эмне үчүн Россия Федерациясында патентти узартуудан баш тартышы мүмкүн?
Көбүрөөк
Батирди ижарага алуу үчүн займдар
04.09.2024
Батирди ижарага алуу үчүн займдар
Көбүрөөк
Мигранттын жашыл картасы же дактилоскопиялык карта
29.08.2024
Мигранттын жашыл картасы же дактилоскопиялык карта
Көбүрөөк
Сиз башка аймакта толук эмес убакытка экинчи жумушту тапсаӊыз, анда эмне кылуу керек?
13.08.2024
Сиз башка аймакта толук эмес убакытка экинчи жумушту тапсаӊыз, анда эмне кылуу керек?
Көбүрөөк
/