Рф чек араларынан өтүүдө эмне кылуу керек?
РФ чек араларынан өтүүдө биринчиден –миграциялык картаны алуу керек. Дал ошол карта сизге мамлекеттин аймагында болууга, Россияда жашаганга жана иштегенге документтерди жол-жоболоштурууга укук берет.
Миграциялык карта акысыз берилет. Аны өздүк паспорттогу маалыматтарды текшерип, басма тамгалар менен көңүл коюп толтуруу керек. Эгер сиз ката кетирсеңиз, жаңы бланк алып, аны кайрадан толтуруңуз. Сиз бажы постун өткөн соң, миграциялык картаңыз мөөрлөр менен күбөлөндүрүлөт, ага өзгөртүү киргизүүгө болбой калат.
Эгерде сиз Россияда иштөөнү пландап жатсаңыз, анда миграциялык картаны толтурууда “кирүүнүн максаты” деген графага “жумуш” деп сөзсүз көрсөтүп коюшуңуз керек. Эгерде бул графада башка нерсе турса (мисалы “Окуу” же “Туризм), анда РФнын аймагында мыйзамдуу түрдө жумушка кирүүңүз мүмкүн болбой калат.