Насыя төлөө Акчаны алуу

КЕЛЕ ЖАТКАН ЖЫЛ БИЗГЕ ЭМНЕНИ КАМДАП ТУРАТ

22.12.2021 КЕЛЕ ЖАТКАН ЖЫЛ БИЗГЕ ЭМНЕНИ КАМДАП ТУРАТ

Келе жаткан жыл бизге эмне камдап турат.

2021-жылдын 29-декабрында күчүнө кире турган РФнын миграциялык мыйзамындагы өзгөрүүлөр.

2021-жылдын 29-декабрынан баштап Россиянын ИИМи чет элдик жарандардын бармактарынын изин тапшыруу, сүрөткө тартуу жана медкароону милдеттүү түрдө жүргүзүү тууралуу мыйзамды аткара башташат.

Россияга иштөө максатында келген чет элдик жаран келген күндөн тарта 30 күндүн ичинде ушул процедуралардан өтүүгө тийиш.

Декабрдын аягынан тарта патенттер маалыматты электрондук алып жүрүүчү картанын формасында бериле баштайт, ал жерге жеке биометрикалык маалыматтар киргизилет- бармактардын изи жана беттин сүрөтү.

Ошондой эле 30 күндүн ичинде эмгек мигранттары ВИЧтин, кооптуу инфекциялык оорулардын жана баңги затка көз карандылыктын жок экендигин тастыктаган медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшү керек болот.

Дактилоскопиялык каттоону жана сүрөткө түшүүнү бир жолу гана аткаруу керек, ал эми медициналык күбөлөндүрүүнү Россиягы ар бир кирген сайын жасоо керек.

Эгерде сиз Россияга иштөө үчүн эмес келген болсоңуз жана мамлекетте 90 күндөн ашпай турган мөөнөткө кала турган болсоңуз, дактилоскопиялык каттоону жана сүрөткө түшүүнү келген күндөн тарта 90 күндүн ичинде жасасаңыз болот. Анын натыйжасында ага сертификат берилет.

ИИМде дактолоскопиядан качуу, мамкаттоо үчүн сүрөткө түшүүдөн же ВИЧ жана баңги затка күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурда чет элдик жарандын Россияда калуу мөөнөтүн кыскартышы мүмкүн экендигин баса белгилешти.

Булактар: Россия гезити жана Sputnik

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Нооруз майрамыңыздар менен!
21.03.2024
Нооруз майрамыңыздар менен!
Көбүрөөк
Сиздерди ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайбыз!
11.03.2024
Сиздерди ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайбыз!
Көбүрөөк
Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары мамлекеттик кызматтарга эмне үчүн муктаж?
09.03.2024
Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары мамлекеттик кызматтарга эмне үчүн муктаж?
Көбүрөөк
Биздин сүйүктүү жана сүйкүмдүү айымдар
07.03.2024
Биздин сүйүктүү жана сүйкүмдүү айымдар
Көбүрөөк
/