ТЕЛЕФОНУҢУЗДУ УУРДАТЫП АЛСАҢЫЗ ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК?

04.02.2022 ТЕЛЕФОНУҢУЗДУ УУРДАТЫП АЛСАҢЫЗ ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК?

Телефонуңузду уурдатып алсаңыз эмне кылыш керек?

1) Өзүңүздүн номуруңузга чалыңыз. Балким сиз телефонуңузду жөн гана жоготуп алып, аны бирөө таап, сизге кайтарып берүүгө даярдыр.

2) Эгер ал телефон номуру мобилдик банкингге, онлайн-дүкөндөргө ж. б. у. с. байланган болсо, анда уурулар телефонду бузуп ачып, картаңыз менен эсебиңиздеги акчаларды чыгарып алышы толук ыктымал. Демек, банк картасын уурдатып алган учурдай эле ыкчам аракеттениш керек. Банкка телефон чалыңыз же болбосо жакынкы банк бөлүмүнө кирип, картаңызды жана мобилдик банкингди тосмолоп коюусун сураныңыз.

3) Телефонду уурдап кеткен учурда полицияга арыз жазыңыз. Ушул арыздын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн алыңыз. Бул көчүрмө кылмышкерлер телефонду жана онлайн-банкты бузуп кирип, эсептен акча уурдаган учурда банкта керек болот. Арыздын негизинде сиз жасабаган операцияга каршы чыгып талашып, акчаны кайтарууга аракет кылсаңыз болот.

Түзмөгүңүздүн жайгашкан жерин алыстан көзөмөлдөөгө жол берген программаны алдын ала орнотуп койсоңуз, бардыгы кыйла жеңилирээк болот. Ал сизге уурдалган телефонду кайтарып берээри күмөн, бирок ага ыкчам туташып, алыстан бардык маалыматты өчүрүүгө жардам берери шексиз. Ал эми телефондо маалымат жок болуп, сиздин жеке маалыматыңызга, банкингге ж. б. у. с. жеткилик болбогон учурда, анын жардамы менен кылмышкерлер эсебиңиздеги акчаны уурдабайт. Мында эң негизгиси – кечиктирбеш керек!

Дагы кененирээк пайдалуу маалымат fincult.info сайтында.

 

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!
31.12.2025
Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!
Көбүрөөк
1-жылдын 2026-январынан тартып мигранттар үчүн патенттердин баасы жогорулайт
25.11.2025
1-жылдын 2026-январынан тартып мигранттар үчүн патенттердин баасы жогорулайт
Көбүрөөк
MAX КМШ жеткиликтүү болуп калды!
12.11.2025
MAX КМШ жеткиликтүү болуп калды!
Көбүрөөк
Жашыл картаны албасаңыз эмне болот?
25.09.2025
Жашыл картаны албасаңыз эмне болот?
Көбүрөөк
/