Насыя төлөө Акчаны алуу

Кредиттик тарыхты текшерүү

Кредиттик тарых паспорт же киреше жөнүндө маалымкат сыяктуу эле маанилүү. Бул документтин негизинде банктар зайым берүүнү же бербөөнү чечет.

  • Сизге зайым берүүдөн баш тартып жатышабы?
  • Баарын төлөп бүттүңүз, бирок банктан чалып, карызды төлөөнү талап кылып жатышабы?
  • Зайымды алган жоксуз, бирок төлөм жөнүндө эскертүүлөр келип жатабы?

Бул суроолорго жоопту кредиттик тарых боюнча эсеп-кысаптан таба аласыз. Эсеп-кысаптын баасы КНС менен 550 ₽

Кредиттик тарыхты текшер

Кантип сатып алса болот?

01

Ишкананын каалаган кеңсесине баруу менен

02

Эсеп-кысап берүү үчүн келишим түзүү

03

Төлөм жүргүзүү

04

Кредиттик тарых боюнча эсеп-кысап алуу

Көп берилүүчү суроолор

Кредиттик тарых деген эмне?
  • Кредиттик тарых - бул сиздин кредиттик (зайымдык) милдеттенмелериңиз жөнүндөгү маалыматтардын жыйындысы. Анда сиздин кредиттерди жана зайымдарды алуу үчүн кайсы банктарга, микрофинансылык уюмдарга (МФУ) же башка финансы-кредит мекемелерине кайрылганыңыз чагылдырылат. Качан жана канча алганыңыз көрсөтүлөт. Биргелешип зайым алуучу же зайымдар боюнча кепилдик берүүчү болгонсузбу. Төлөм графиги боюнча төлөгөнсүзбү же белгиленген мөөнөттөн өткөрүп жибергенсизби, каржы уюмдарына ай сайын кайсы сумманы төлөп жатканыңыз көрсөтүлөт.
Кредиттик тарых жөнүндөгү отчет деген эмне?
  • Кредиттик отчет - бул кредит тарыхынын курамына кирген толук маалыматты камтыган расмий документ. Потенциалдуу карыз алуучу же талапкер катарында сиздин ишенимдүүлүгүңүздү баалоо үчүн банктар, каржы уюмдары же жумуш берүүчүлөр тарабынан ушул документке буюртма берилет.
Кредиттик отчет канча турат?
  • Кызматтын баасы КНСти эске алганда 550 рубль турат. Базардагы эң төмөнкү баалардын бири бизде. Башка компанияларда баа 580 рублдан 1000 рублга чейин өзгөрүлүп турат. Ошол эле учурда сизге отчет боюнча кошумча бекер консультация берүүгө даярбыз.
Кайсы жерде кредиттик отчетко буюртма берсем болот?
Кредиттик тарыхтын отчетуна буюртма берүү үчүн кандай документтер талап кылынат?
  • Өздүгүңүздү тастыктаган документ керектелет. Мисалы үчүн чет элдик жарандын паспорту.
Кредиттик отчетту кимдер ала алат?
  • Кредиттик тарых боюнча отчетту Сиз же жеке маалыматтарыңызды иштеп чыгууга макулдугуңүзду берген каржылык уюмдар, камсыздандыруу уюмдары, жумуш берүүчүлөр гана ала алышат. Ушундай жол менен алар потенциалдуу зайымчы (карыз алуучу), кардар же кызматкер катары сиздин ишенимдүүлүгүңүздү баалашат.
Мага кредиттик тарыхтын отчету эмне үчүн керек?
  • Финансылык мекемелер тарабынан берилген документтерде каталардын бар-жогун текшерүү үчүн. Кредиттик тарыхтын отчетунда жаңылыштык менен көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн өткөрүп жиберүү жаңы кредиттерди алуудан баш тартууга жана айыппулдардын чегерилишине себеп болушу мүмкүн;
  • Кредиттик алдамчылыктын болушу мүмкүндүгүн текшерүү үчүн. Көбүнчө арам ойлуулар үчүнчү жактардын паспортторунун көчүрмөлөрү боюнча кредит алышат жана ал киши мыйзамсыз жол менен ага кредит берилгендигин билбеши да ыктымал;
  • Белгилүү бир жагдайларга байланыштуу сиз билбешиңиз мүмкүн болгон же унутуп калган белгиленген мөөнөтүнөн өткөрүп жиберүүлөрдүн болушун текшерүү.
"Жакшы эмес" кредиттик тарыхты кантип оңдой аласыз?
  • "Жакшы эмес" кредиттик тарых - зайым алуучуга (карыз алуучуга) кредит берүүдөн баш тартуунун негизги себептеринин бири. Кредиттик тарыхты кайра жазып, оңдоп коюу мүмкүн эмес, бирок аны жакшыртууга аракет кылсаңыз болот. Эгерде Сиз келечекте олуттуу өлчөмдөгү кредитти алуу үчүн кредит тарыхыңызды жакшырткыңыз келсе, анда сиз чакан суммадагы зайым алып, аны төлөө графигине ылайык өз убагында толугу менен төлөйсүз. Ошентип, зайым боюнча өз убагында төлөгөндүгүңүздүн тарыхынын жаңыча саналышы башталат, бул сөзсүз түрдө келечектеги потенциалдуу кредит берүүчүлөрдүн алдында сиздин кадыр-баркыңызды көтөрөт.
Эгерде мен Кредиттик тарых боюнча отчетту бекер ала алсам, эмне үчүн силерге буюртма беришим керек?
  • Ар бир адам бир жылда эки ирет (бирок бир жолкудан ашык эмес кагаз жүзүндө) өзүнүн кредиттик тарыхы боюнча отчетко сурам жолдой алат. Анын үчүн белгилүү бир кредиттик бюрого кайрылып, анкетаны толтуруп, алдын ала өз кол тамгасын нотариуста күбөлөндүрүп, андан кийин сурам жөнөтүп, 3 күндөн тарта жооп күтүшүңүз керек болуп калат. Ошентип, кредиттик тарыхыңыз боюнча отчетту бекер аласыз- бул биринчиден, узак убакытты, экинчиден, нотариалдык кызмат үчүн кошумча чыгымдарды талап кылат.