Орусияда иммигранттарды каттоо жөнөкөйлөштүрүлөт

05.06.2023 Орусияда иммигранттарды каттоо жөнөкөйлөштүрүлөт

Россияда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген өзүн өзү жумуштандырган мигранттар үчүн каттоо алуу жөнөкөйлөштүрүлөт.

Жакын арада ЕАЭБ өлкөлөрүнөн, анын ичинен Кыргызстандан келген мигранттар Россияда өзүн өзү жумуштандыруучу статусун жол жоболоштурууда келген жери боюнча автоматтык түрдө каттоо ала алышат. Тийиштүү пилоттук долбоор Евразиялык экономикалык комиссия, Федералдык салык кызматы жана РФ Ички иштер министрлиги тарабынан иштелип жатат.

Эсиӊиздерге сала кетсек, Россияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары 2018-жылдан бери өзүн өзү жумуштандыруучу катары жол жоболоштурула алышат. Өзүн өзү жумуштандыруучу статусун алуу үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерине (ИСН) жана «Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде» каттоо жазууга ээ болуусу жетиштүү. «Мой налог» мобилдик тиркемесин жүктөп, анда жеке кабинеттин логин-сыр сөзүнүн жардамы менен катталуу зарыл.

ИСН жок болгон учурда аны жарандар менен иштеген каалаган салык инспециясынан беш жумушчу күндүн ичинде алса болот, жаныӊызда болгону паспорт жана арыз болуусу зарыл. ИСН алгандан кийин ошол эле жерден жеке кабинеттин логинин жана сыр сөзүн алса болот.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Өзүн өзү жумуштандыруу – бул Россиянын аймагында салык төлөп, мыйзамдуу иштөөгө мүмкүндүк берген салык салуу режими. 4% – жеке жактардын кирешелеринен жана 6% – юридикалык жактар жана жеке ишкерлер менен иштөөдөн алынган кирешелерден. Башка милдеттүү төлөмдөр жок, бирок өзүн өзү жумуштандыруучунун жалпы кирешеси жылына 2,4 миллион рублдан ашпоосу керек.

Өзүн өзү жумуштандыруу жумуш издөөнү жеӊилдетет, бирок адамды эмгек келишими, берген кепилдиктерден, тактап айтканда, социалдык жана пенсиялык кепилдиктерден ажыратат. Ошондуктан эгер сизде Россияды эмгек келишими боюнча иштөө мүмкүнчүлүгү бар болсо, ошол вариантты артык көрүүнү сунуштайбыз.

Байбол – Россиядагы мигранттар үчүн тез зайымдар.

8 (800) 550-57-57.

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Кайсы себепт боюнча эмгек патентин жокко чыгарышы мүмкүн?
13.12.2024
Кайсы себепт боюнча эмгек патентин жокко чыгарышы мүмкүн?
Көбүрөөк
Мигранттардын балдары үчүн медициналык жардам
10.12.2024
Мигранттардын балдары үчүн медициналык жардам
Көбүрөөк
Байболдун жаңы кардарларына WoW-СУНУШ!
05.12.2024
Байболдун жаңы кардарларына WoW-СУНУШ!
Көбүрөөк
Байбол жана Авиасейлс менен эң арзан учак билетин тандаңыз.
23.11.2024
Байбол жана Авиасейлс менен эң арзан учак билетин тандаңыз.
Көбүрөөк
/