ЕАЭБдан КЕЛГЕН МИГРАНТТАР ҮЧҮН ЭРЕЖЕЛЕР

29.01.2021 ЕАЭБдан КЕЛГЕН МИГРАНТТАР ҮЧҮН ЭРЕЖЕЛЕР

Эгерде сиз Россияга Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБга) мүчө-өлкөлөрдөн келген болсоңуз, анда төмөнкүлөрдү эсте тутууңуз маанилүү:

1. Эгерде сиз Россияда 30 күндөн ашык эмес жүрүүнү пландаштырып жатсаңыз, анда миграциялык каттоого туруунун кажети жок. Бирок, эгерде сиз узак мөөнөткө келген болсоңуз, анда каттоодон өтүүңүз милдеттүү.

2. Россияда мыйзамдуу жумушка орношуу үчүн эмгек патентин тариздөө талап кылынбайт. Миграциялык каттоого туруп, жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзүү жетиштүү. Эмгек келишимин түзүү үчүн чет элдик жаран катары сизге паспорт, каттоо, ЖӨЭКН (СНИЛС), СИН (ИНН) жана ЫМК (ДМС) полиси керек.

ЖӨЭКН – милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу системасындагы жарандын жеке өздүк эсебинин камсыздандыруучу номери.

СИН – салык төлөөчүнүн идентификациялык номери

ЫМК полиси – ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полиси.

3. Эгерде сиз Россияда мыйзамдуу түрдө иштесеңиз, анда больничный үчүн сизге Россиянын жарандарына төлөнгөндөй эле төлөнөт. Мындан тышкары, сизде ЫМК полисиңиз болсо, акысыз медициналык жардам алууга укуктуусуз.

4. Россияда иштеген жана РФ салык резиденттери болгон ЕАЭБнын жарандарына жеке жактардын кирешелери үчүн салык 13% түзөт, б.а. ал Россиянын жарандарына кандай болсо, ЕАЭБ жарандарына да ошондой эле. ЕАЭБнын жараны Россиянын аймагында бир жыл аралыгында 183 күндөн кем эмес жашаган учурда гана салык резиденти болот. Башка учурларда салык 30% түзөт.

Эске сала кетсек, ЕАЭБга төмөндөгү 5 өлкө кирет: Россия, Беларусь Республикасы, Армения, Кыргызстан жана Казакстан.

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Депортация кууп чыгуудан эмнеси менен айырмаланат?
02.06.2026
Депортация кууп чыгуудан эмнеси менен айырмаланат?
Көбүрөөк
Курман айт майрамыңыздар менен!
27.05.2026
Курман айт майрамыңыздар менен!
Көбүрөөк
РФдан депортация кандай себептерден улам болушу мүмкүн?
23.05.2026
РФдан депортация кандай себептерден улам болушу мүмкүн?
Көбүрөөк
Эгерде РВП менен чет өлкөлүк жаран паспортун алмаштырса, эмне кылуу керек?
13.05.2026
Эгерде РВП менен чет өлкөлүк жаран паспортун алмаштырса, эмне кылуу керек?
Көбүрөөк
/