Россияга кирүү боюнча жаңы эрежелер.

12.02.2025 Россияга кирүү боюнча жаңы эрежелер.

2024-жылдын 1-декабрынан тартып Россияга келген чет элдик жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырууга милдеттүү болушат. Бул иш-чаралардан төмөнкү жерлерде өтүүгө болот:

Аэропорттордо: Шереметьево, Домодедово, Внуково, Жуковский

Маштаково унаа өткөрмө пунктунда

2025-жылдын 30-июнунан тартып бардык чет элдик жарандар үчүн санариптик профиль түзүлөт. Бул профилде ар бир адам тууралуу маалыматтар, анын ичинде биометрия сакталат.

Чет элдик жарандар өз профилин RuID уюлдук тиркемеси аркылуу өз алдынча түзө алышат. Бул тиркеме Мамкызматтар (Госуслуги) сыяктуу эле, бирок чет элдик жарандарга арналган. 

Ал аркылуу төмөнкү кызматтарды пайдаланууга болот:

  • Россияга келүү тууралуу билдирүү жөнөтүү.
  • Ар кандай кызматтарды алуу, мисалы, медициналык камсыздандыруу тариздөө же ИИМге катталуу. 
  • Андан тышкары, жеке маалыматтарды башкаруу.
Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Депортация кууп чыгуудан эмнеси менен айырмаланат?
02.06.2026
Депортация кууп чыгуудан эмнеси менен айырмаланат?
Көбүрөөк
Курман айт майрамыңыздар менен!
27.05.2026
Курман айт майрамыңыздар менен!
Көбүрөөк
РФдан депортация кандай себептерден улам болушу мүмкүн?
23.05.2026
РФдан депортация кандай себептерден улам болушу мүмкүн?
Көбүрөөк
Эгерде РВП менен чет өлкөлүк жаран паспортун алмаштырса, эмне кылуу керек?
13.05.2026
Эгерде РВП менен чет өлкөлүк жаран паспортун алмаштырса, эмне кылуу керек?
Көбүрөөк
/