МИГРАНТТАРДЫ КАТТООНУН ЖАҢЫ ТАРТИПТЕРИ
Россияда мигранттарды каттоонун жаңы эрежелери киргизилди.
Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы чет өлкөлүк жарандардын манжаларынын изин милдеттүү түрдө каттоого алуу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алды.
Россия Федерациясынын аймагына 90 күндөн ашык мөөнөткө визасыз режим менен кирген бардык чет элдиктер, анын ичинде эмгек мигранттары дактилоскопиядан өтүшү милдеттүү. Мындан тышкары, жаңы мыйзам чет элдик жарандардын толук медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирет.
Бул коркунучтуу жугуштуу оорулардын Россия Федерациясынын аймагына жайылып кетишине жол бербөө жана эл аралык издөөдө жүргөн чет элдиктерди өз убагында аныктап туруу максатында жасалган.
Булак: Sputnik Тажикстан
____
8 (800) 550-57-57
baibol.ru