РОССИЯДА БИР ЖЫЛДЫК КАТТООНУ КАНТИП АЛСА БОЛОТ?
Россияда бир жылдык каттоону кантип алса болот?
Анын үчүн 2 шартты сактоо керек.
1) Сиздин миграциялык картаңызда келүүнүн максаты катары “Жумуш” деп жазылышы керек.
2) Эгерде сиз Кыргызстандын (же ЕАЭБнын башка мүчө-мамлекетинин) жараны болсоңуз, анда 12 айлык мөөнөткө каттоону жол-жоболоо үчүн сиздин колуңузда каалаган каттоо мөөнөтүнө (бир жылга) орусиялык жумуш берүүчү тарабынан түзүлгөн, кол коюлган эмгек келишими болушу керек.
Эгерде сиз Өзбекстандын же Тажикстандын жараны болсоңуз, анда 12 айга алдын ала төлөнгөн эмгек патенти керектелет. Анын болушу бир жылдык каттоого негиз болуп берет.
___
Акчадан кыйналган учуруңузда, мисалы, патентти жана башка документтерди узартууда төмөнкү дарекке кайрылыңыз:
8 (800) 550-57-57
baibol.ru
Байбол ийкемдүү төлөм мөөнөттөрү жана ыңгайлуу төлөө системасы бар, ар кандай максаттарга арналган насыяны берет.