МЕДИЦИНАЛЫК КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ

24.02.2022 МЕДИЦИНАЛЫК КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ

Мигрантта АИВтин, коркунучтуу инфекциялык оорулардын жана баңги заттардан көз карандылыгы жок экендиги туурасында маалымкаттардын мөөнөтү бир жылга чейин узартылды. Мындан тышкары, текшерүүдөн өтүш керек болгон инфекциялык оорулардын тизмесинен коронавирус алынып коюлду.


Мигранттар үчүн медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүнүн жаңы тартиби 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.⠀


Россияга 90 күндөн ашык мөөнөткө келген чет өлкөлүк жарандарды дактилоскопиялык каттоодон өтүүгө, сүрөткө түшүүгө жана медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө милдеттендирген мыйзамдардагы өзгөртүүлөр 2021-жылдын 29-декабрында күчүнө киргендигин эсиңизге салабыз. Бул эрежелерге ылайык Россия аймагына иштөө максатында келгендердин бардыгы бул процедуралардан 30 күндүн ичинде, ал эми каалаган башка максатта узак убакытка келгендер 90 күндүн ичинде өтүшү зарыл.


Ошол эле учурда бир жолу гана дактилоскопиядан өтүп, сүрөткө түшүү жетиштүү болсо, медициналык күбөлөндүрүүнүн мөөнөтү 3 ай гана болчу. Эми бул мөөнөттү бир жылга чейин узартышты, бул мигранттарга белгиленген эрежелерди аткаруусуна аз убакыт коротууга жол берет. ⠀

Булагы: Азыркы Учур https://www.currenttime.tv/a/russia-migrants-med/31716964.html

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

Депортация кууп чыгуудан эмнеси менен айырмаланат?
02.06.2026
Депортация кууп чыгуудан эмнеси менен айырмаланат?
Көбүрөөк
Курман айт майрамыңыздар менен!
27.05.2026
Курман айт майрамыңыздар менен!
Көбүрөөк
РФдан депортация кандай себептерден улам болушу мүмкүн?
23.05.2026
РФдан депортация кандай себептерден улам болушу мүмкүн?
Көбүрөөк
Эгерде РВП менен чет өлкөлүк жаран паспортун алмаштырса, эмне кылуу керек?
13.05.2026
Эгерде РВП менен чет өлкөлүк жаран паспортун алмаштырса, эмне кылуу керек?
Көбүрөөк
/