8 (800) 550-57-57
Күн сайын 9:00дөн 21:00гө чейин Россия боюнча акысыз чалуу
26.10.2020

Сиз сурадыңыз – биз жооп беребиз!

«Бала 14 жашта. Анын ата-энеси Россия Федерациясынын жарандары, бирок баласы андай эмес. Ага катталуу дагы аягына чыккан жок. Балага Россиянын жарандыгын алуу үчүн кандай документтер керек?». Суроону @muslima201286 жазылуучубуз берген. Бул учурда, төмөнкүлөрдү эске алыңыз: 1. Эгерде бала 14 жашка чыкканга чейин ата-энесинин экөө тең (же ата-энесинин бири) Россиянын жарандыгын алышкан, бирок балага жарандык алуу үчүн документтер тапшырылбаса, бала автоматтык түрдө Россиянын жараны болот. Ал үчүн документтердин толук пакетин даярдап, паспорт алуу үчүн тапшыруу керек. 2. Эгерде бала 14 жашка чыккандан кийин ата-энеси Россиянын жараны болуп калса, анда бала үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандыгын алуу үчүн кайрылуу керек. Арызды ата-энесинин бири башка ата-энесинин жана баланын өзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен берүүгө тийиш. Мындай арыз Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Миграция департаментине жашаган жери боюнча берилет. Бардык формалар, документтер жана мөөнөттөр Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин УВМнин аймактык бөлүмдөрүндөгү маалымат стенддерине жана алардын веб-сайтына жайгаштырылган. Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу боюнча арызды кароо мөөнөтү 3 айды түзөт. Бардык жаңылыктар

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР

Төлөөнүн эң ыңгайлуу ыкмасы кайсы? 16.04.2021

Төлөөнүн эң ыңгайлуу ыкмасы кайсы?

Биздин кардарлардын көпчүлүгү Байбол кеңселеринде насыя төлөгөндү жакшы көрүшөт. ...

Сизге насыя берилбей жатабы? 06.04.2021

Сизге насыя берилбей жатабы?

Сиз баардыгын төлөп бүттүңүз, бирок сизге банктан чалып, карызды төлөп берүүнү т ...

Россиядагы мигранттар үчүн “Мамлекеттик кызматтар” порталынын аналогун түзгөнү жатышат 31.03.2021

Россиядагы мигранттар үчүн “Мамлекеттик кызматтар” ...

Россиядагы мигранттар үчүн “Мамлекеттик кызматтар” порталынын аналогун түзгөнү ж ...