8 (800) 550-57-57
Күн сайын 9:00дөн 21:00гө чейин Россия боюнча акысыз чалуу
31.03.2021

Россиядагы мигранттар үчүн “Мамлекеттик кызматтар” порталынын аналогун түзгөнү жатышат

Россиядагы мигранттар үчүн “Мамлекеттик кызматтар” порталынын аналогун түзгөнү жатышат, ал чет элдик жарандарга мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Сайтта орусиялык жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимин түзүүгө, төлөмдөрдү жүргүзүүгө, өзүңүздүн эмгек патентиңиздин шарттары менен таанышып чыгууга каттоону узартууга ж.б.у.с. нерселерди жасооого болот.

Система ар бир мигрантка колдонуунун ыңгайлуулугу үчүн өзүнүн жеке эсебин түзүүгө мүмкүндүк берет.

Санариптик өнүгүү министрлиги менен Ички иштер министрлиги ресурсту иштеп чыгуу менен алектенишет.

Айтмакчы, ушундай сыяктуу сервис АКШда көп жылдардан бери иштеп келе жатат. Мындан тышкары Америка мигранттар үчүн электрондук маалымат базасын түзгөн, биринчи өлкөгө айланды.

Жаңы портал мигранттарды шылуундардан коргойт.

Эске сала кетсек, жакында эле Россиянын КФКсы мигранттарга жасалма маалымкаттарды сатып жүргөн шылуундарды кармашкан. Кылмышкерлерден миңден ашуун ПЦР маалымкаттарынын бланктары жана өлкөгө кирүү үчүн толтурулган 400 чакыруу кагазы алынып коюлган. Мындай көрүнүштөр көп.

Достор,
Россияда башыңыз балээде болбошу үчүн шектүү фирмалардын кызматынан пайдаланбаңыздар.
____
???? 8 (800) 550-57-57
➡️ baibol.ru Бардык жаңылыктар

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР

Жеңиш күнүңүз менен, достор! 09.05.2021

Жеңиш күнүңүз менен, достор!

Ар бириңиздерге бейпил асман, чың ден-соолук жана чоң бакыт!

Төлөөнүн эң ыңгайлуу ыкмасы кайсы? 16.04.2021

Төлөөнүн эң ыңгайлуу ыкмасы кайсы?

Биздин кардарлардын көпчүлүгү Байбол кеңселеринде насыя төлөгөндү жакшы көрүшөт. ...

Сизге насыя берилбей жатабы? 06.04.2021

Сизге насыя берилбей жатабы?

Сиз баардыгын төлөп бүттүңүз, бирок сизге банктан чалып, карызды төлөп берүүнү т ...