8 (800) 550-57-57
Күн сайын 9:00дөн 21:00гө чейин Россия боюнча акысыз чалуу
15.02.2021

ПАТЕНТТИ УЗАРТПАЙ КОЙСО ЭМНЕ БОЛОТ?

Сиз тарабыңыздан патент үчүн төлөнгөн мөөнөт бүтөрү менен патент жараксыз болуп калат. Ошондуктан патентти узартпай коюу мыйзамды бузуу болуп саналат.

Россияда жумуш берүүчүлөргө өлкөгө визасыз келген, патенти жок чет өлкөлүк жарандарды жумушка алууга тыюу салынат (эгерде патент талап кылынбаган, ЕАЭБнын өлкөлөрүнүн жарандары жөнүндө сөз болбосо). Бул талап Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарына дагы тиешелүү.

Мындан тышкары, мыйзамга байланыштуу көйгөлөр болбошу үчүн россиялык жумуш берүүчүлөр эмгек мигрантынын патентинин узартылышына жана бардык керектүү төлөмдөрдүн төлөнүп турушуна көз салып турушат. Эгерде патент өз убагында узартылбаса, анда жумуш берүүчү сиз менен коштошууга мажбур болот, анткени, колдонуудагы эмгек жана миграция мыйзамдарына ылайык жумуш берүүчү чет өлкөлүк кызматкердин патенти узартылбаса, жумуштан бошотууга милдеттүү. Антпесе, жумуш берүүчү административдик укук бузгандыгы үчүн айып пул төлөйт. Патентти узартпоо өзүңүздү иштен кетирүүгө алып келүү дегенге барабар.

Мындан тышкары, төлөнгөн патент Россияда каттоону узартуу үчүн негиз болуп саналат. (12 айга чейин) узак мөөнөттүү каттоону алуунун эң оңой жолу – бул ошол мөөнөткө патентке алдын ала төлөө.

Бардык жаңылыктар

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР

Төлөөнүн эң ыңгайлуу ыкмасы кайсы? 16.04.2021

Төлөөнүн эң ыңгайлуу ыкмасы кайсы?

Биздин кардарлардын көпчүлүгү Байбол кеңселеринде насыя төлөгөндү жакшы көрүшөт. ...

Сизге насыя берилбей жатабы? 06.04.2021

Сизге насыя берилбей жатабы?

Сиз баардыгын төлөп бүттүңүз, бирок сизге банктан чалып, карызды төлөп берүүнү т ...

Россиядагы мигранттар үчүн “Мамлекеттик кызматтар” порталынын аналогун түзгөнү жатышат 31.03.2021

Россиядагы мигранттар үчүн “Мамлекеттик кызматтар” ...

Россиядагы мигранттар үчүн “Мамлекеттик кызматтар” порталынын аналогун түзгөнү ж ...