Сизди РКЛ киргизсе, эмне кылуу керек?
10.02.2025
Орусияда көзөмөлгө алынган адамдардын жаңы реестри.
5-февралдан тартып Орусияда көзөмөлгө алынган адамдардын реестри (РКЛ) иштей баштады. Эгерде сиз бул реестрге кирсеңиз, анда сизде өлкөдө болуу боюнча чектөөлөр бар.
Реестрге киргизүү себептери:
РКЛ Орусияда мыйзамдуу негизи жок жүргөндөрдү киргизет. Мисалы, эгерде сизде убактылуу жашоонун, патенттин же иштөөгө уруксаттын мөөнөтү өтсө, административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн. Ошондой эле РКЛ жаңылыштык менен, туура эмес маалыматтарды бергенге байланыштуу кирүүгө болот.
Сиз РКЛ болсоңуз, эмне кылуу керек?
1. Документтериңизди текшериңиз. Баары туура экенин текшериңиз.
2. ИИМне (миграция маселелери боюнча бөлүмгө) кайрылыңыз. Кайрылууда кызматкерден РКЛ кирүүнүн себептерин билүү керек. Эгерде кызматкер белгилүү бир себебин билдире албаса же РКЛ ката кошууга шилтеме кылса, жазуу жүзүндөгү кайрылууну сунуштайбыз (болжолдуу форманы тиркейбиз).
3. Документтериңиз жаныңызда болсун. Сиз реестрде болгон убакыт бою, баардык дүмүрчөктөрдү, өлкөдө мыйзамдуу болгонуңузду ырастаган документтерди сактаңыз.
Реестрге киргизилгендер үчүн чектөөлөр.
Эгерде сиз РКЛ болсоңуз, анда сизге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
• Уруксатсыз жашаган жерин өзгөртүү.
• Аймактансырткары чыгып кетүү.
• Кыймылсыз мүлк же транспорт сатып алуу.
• Никеге туруу.
• Юридикалык жактарды же жеке ишкерлерди түзүү.
• Банк эсебин ачуу.
• Банк операцияларын жүргүзүү (милдеттүү төлөмдөрдү кошпогондо). Эсептен айына 30 миң рублдан ашык эмес акча алуу
• Транспортту башкаруу же айдоо күбөлүгүн алуу.
• Ошондой эле өлкөдө мыйзамсыз жүргөн балдар мектепке жана бала бакчага кабыл алынбайт.
Реестрден кантип чыгуу керек?
РКЛнен чыгаруу үчүн биринчи кезекте РКЛне киргизүүнүн себебин билүү керек, эгерде чындап эле документтерде көйгөйлөр болсо, анда аларды чечип, Орусияда мыйзамдуу болуу үчүн керектүү документтерди алуу керек.
Бардык жаңылыктар
