Эгерде сизде патент бар болсо, бирок паспортуңузду алмаштырган болсоңуз, эмне кылуу керек?
16.04.2024
Бардык жаңылыктар
Эгерде сиз Москвада болсоңуз, көп функционалдуу миграциялык борборго (КМБ) кайрылыңыз.
Патентти өзгөртүү үчүн сиз жаныңызга төмөнүлөрдү алып алышыңыз керек:
- жаңы паспорт жана анын орус тилине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу,
- патенттин колдонуу мөөнөтү үчүн төлөм квитанциялары,
- патенттин өзү.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн 10 күн талап кылынат.
КМБга кайрыла албагандар бул маселе боюнча катталган жериндеги салык кызматына кайрылышы керек. Керектүү документтердин тизмеси бирдей.