Жасалма каттоо эмнеси менен коркунучтуу?

23.06.2023 Жасалма каттоо эмнеси менен коркунучтуу?

Жасалма каттоо эмнеси менен коркунучтуу?

Миграциялык учетко коюу жөнүндө жасалма билдирүү берүү – бул мыйзам бузуу жана ал депортацияга жана жазык жоопкерчилигине чейинки олуттуу көйгөйлөргө алып келет. Кармалбай калсаӊыз дагы, жагымсыздыктардан качып кутулуу мүмкүн эмес.

Мисалы, айырма каттоо талону патент алууда керек болот. Бирок патентти жол-жоболоштуруп жатканда адистер сиздин катталуу жөнүндө документиӊизди ИИМдин маалымат базасындагы маалыматтар менен салыштырып текшерүүгө милдеттүү. Эгер талон жасалма болсо, мындай катталуу базадан табылбайт жана сизге патент берүүдөн баш тартылат.

Баш тартуудан кийин патент алуу үчүн бир жылдан кийин гана кайрылуу мүмкүн. Демек, сиз бир жыл бою Россияда мыйзамдуу иштей албайсыз, ал эми патентсиз жумушка орношуу абдан көйгөйлүү, анткени көпчүлүк жумуш берүүчүлөр мыйзамсыз жумушчуларды алуу менен тобокелдикке барууга даяр эмес. Жумуш берүүчүлөрдү мындай тажрыйба чоӊ айып пулдарга алып келиши мүмкүн. А эгер сиз жумуш таппасаӊыз, ата-мекениӊизге кайтып келүүгө мажбур болосуз.

Ошондуктан эч убакта миграциялык учетко тургузуу боюнча кызматтарын сунуштаган шылуундарга кайрылбаӊыз.

Эгер сиз Россияда 7 суткадан ашык жүрүүнү пландап жатсаӊыз, келген жериӊиз боюнча катталуу зарыл. Катталуунун жоктугу 2 миӊден 5 миӊ рублга чейинки айып пулга жана, ал эле эмес, 5 жылга чейин депортацияга алып келиши мүмкүн.

Россиядагы мигранттар үчүн зайымдар:

8 (800) 550-57-57

Бардык жаңылыктар

Ошондой эле төмөнкүлөрдү окуңуз

УРФУ Кыргызстанда кирүү тестирлөөсүн жүргүзөт
05.07.2023
УРФУ Кыргызстанда кирүү тестирлөөсүн жүргүзөт
Көбүрөөк
Москвадагы «Царицыно» музеи экскурсияларды өзбек тилинде жүргүзө баштады
04.07.2023
Москвадагы «Царицыно» музеи экскурсияларды өзбек тилинде жүргүзө баштады
Көбүрөөк
Россия кыргызстандыктар үчүн 1000 бюджеттик орун бөлүп берүүнү пландап жатат
04.07.2023
Россия кыргызстандыктар үчүн 1000 бюджеттик орун бөлүп берүүнү пландап жатат
Көбүрөөк
Курман айт майрамыңыздар менен, урматтуу достор, кардарлар жана өнөктөштөр!
28.06.2023
Курман айт майрамыңыздар менен, урматтуу достор, кардарлар жана өнөктөштөр!
Көбүрөөк
/
LiveInternet counter