8 (800) 550-57-57
Күн сайын 9:00дөн 21:00гө чейин Россия боюнча акысыз чалуу

КРЕДИТТИК ТАРЫХТЫ ТЕКШЕР

  1. Сизге зайым берүүдө баш тартып жатышабы?
  2. Баарын төлөп бүттүңүз, бирок алар сизге банктан чалышып, карызды төлөөнү талап кылышуудабы?
  3. Сиз зайым алган жоксуз, а бирок сизге төлөө жөнүндө эскертүүлөр келип жатабы?

Ушул сыяктуу суроолорго жоопту кредиттик тарыхыңыздан таба аласыз. Паспорт же кирешелер жөнүндөгү маалымкат сыяктуудай эле кредиттик тарых дагы маанилүү. Ушул документтин негизинде банктар кредит берүүнү же бербөөнү чечишет. Отчеттун баасы КНСти эске алганда 550 рублди түзөт.

Кантип сатып алса болот?

  • Компаниянын каалаган кеңсесине барыңызКомпаниянын каалаган кеңсесине барыңыз
  • Отчетту берүү үчүн келишим түзүңүзОтчетту берүү үчүн келишим түзүңүз
  • Төлөм жүргүзүңүзТөлөм жүргүзүңүз
  • Кредиттик тарых боюнча отчетту алыңызКредиттик тарых боюнча отчетту алыңыз

Көп суралуучу суроолор

Кредиттик тарых деген эмне?
Кредиттик тарых - бул сиздин кредиттик (зайымдык) милдеттенмелериңиз жөнүндөгү маалыматтардын жыйындысы. Анда сиздин кредиттерди жана зайымдарды алуу үчүн кайсы банктарга, микрофинансылык уюмдарга (МФУ) же башка финансы-кредит мекемелерине кайрылганыңыз чагылдырылат. Качан жана канча алганыңыз көрсөтүлөт. Биргелешип зайым алуучу же зайымдар боюнча кепилдик берүүчү болгонсузбу. Төлөм графиги боюнча төлөгөнсүзбү же белгиленген мөөнөттөн өткөрүп жибергенсизби, каржы уюмдарына ай сайын кайсы сумманы төлөп жатканыңыз көрсөтүлөт.
Кредиттик тарых жөнүндөгү отчет деген эмне?
Кредиттик отчет - бул кредит тарыхынын курамына кирген толук маалыматты камтыган расмий документ. Потенциалдуу карыз алуучу же талапкер катарында сиздин ишенимдүүлүгүңүздү баалоо үчүн банктар, каржы уюмдары же жумуш берүүчүлөр тарабынан ушул документке буюртма берилет.
Кредиттик отчет канча турат?
Кызматтын баасы КНСти эске алганда 550 рубль турат. Базардагы эң төмөнкү баалардын бири бизде. Башка компанияларда баа 580 рублдан 1000 рублга чейин өзгөрүлүп турат. Ошол эле учурда сизге отчет боюнча кошумча бекер консультация берүүгө даярбыз.
Кайсы жерде кредиттик отчетко буюртма берсем болот?
Кредиттик отчетту каалаган Байбол кеңсесине буюртма кылдырып алсаңыз болот.
Кредиттик тарыхтын отчетуна буюртма берүү үчүн кандай документтер талап кылынат?
Өздүгүңүздү тастыктаган документ керектелет. Мисалы үчүн чет элдик жарандын паспорту.
Кредиттик отчетту кимдер ала алат?
Кредиттик тарых боюнча отчетту Сиз же жеке маалыматтарыңызды иштеп чыгууга макулдугуңүзду берген каржылык уюмдар, камсыздандыруу уюмдары, жумуш берүүчүлөр гана ала алышат. Ушундай жол менен алар потенциалдуу зайымчы (карыз алуучу), кардар же кызматкер катары сиздин ишенимдүүлүгүңүздү баалашат.
Мага кредиттик тарыхтын отчету эмне үчүн керек?
  • Финансылык мекемелер тарабынан берилген документтерде каталардын бар-жогун текшерүү үчүн. Кредиттик тарыхтын отчетунда жаңылыштык менен көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн өткөрүп жиберүү жаңы кредиттерди алуудан баш тартууга жана айыппулдардын чегерилишине себеп болушу мүмкүн;
  • Кредиттик алдамчылыктын болушу мүмкүндүгүн текшерүү үчүн. Көбүнчө арам ойлуулар үчүнчү жактардын паспортторунун көчүрмөлөрү боюнча кредит алышат жана ал киши мыйзамсыз жол менен ага кредит берилгендигин билбеши да ыктымал;
  • Белгилүү бир жагдайларга байланыштуу сиз билбешиңиз мүмкүн болгон же унутуп калган белгиленген мөөнөтүнөн өткөрүп жиберүүлөрдүн болушун текшерүү.
"Жакшы эмес" кредиттик тарыхты кантип оңдой аласыз?
"Жакшы эмес" кредиттик тарых - зайым алуучуга (карыз алуучуга) кредит берүүдөн баш тартуунун негизги себептеринин бири. Кредиттик тарыхты кайра жазып, оңдоп коюу мүмкүн эмес, бирок аны жакшыртууга аракет кылсаңыз болот. Эгерде Сиз келечекте олуттуу өлчөмдөгү кредитти алуу үчүн кредит тарыхыңызды жакшырткыңыз келсе, анда сиз чакан суммадагы зайым алып, аны төлөө графигине ылайык өз убагында толугу менен төлөйсүз. Ошентип, зайым боюнча өз убагында төлөгөндүгүңүздүн тарыхынын жаңыча саналышы башталат, бул сөзсүз түрдө келечектеги потенциалдуу кредит берүүчүлөрдүн алдында сиздин кадыр-баркыңызды көтөрөт.
Эгерде мен Кредиттик тарых боюнча отчетту бекер ала алсам, эмне үчүн силерге буюртма беришим керек?
Ар бир адам бир жылда эки ирет (бирок бир жолкудан ашык эмес кагаз жүзүндө) өзүнүн кредиттик тарыхы боюнча отчетко сурам жолдой алат. Анын үчүн белгилүү бир кредиттик бюрого кайрылып, анкетаны толтуруп, алдын ала өз кол тамгасын нотариуста күбөлөндүрүп, андан кийин сурам жөнөтүп, 3 күндөн тарта жооп күтүшүңүз керек болуп калат. Ошентип, кредиттик тарыхыңыз боюнча отчетту бекер аласыз- бул биринчиден, узак убакытты, экинчиден, нотариалдык кызмат үчүн кошумча чыгымдарды талап кылат.
LiveInternet counter